Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Бүгүн, 25-июнь күнү ордо калаадагы Кыргыз улуттук “Манас” театрынын залында дин кызматкерлери арасында уюштурулган “Мухтасар ал-Викоя” жана “Ислам банкинги” боюнча республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган диний кызматкерлер, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, «Дарак» басма үйүнүн жетекчилиги, Кыргызстан коммерциялык банкынын (МБанк) өкүлдөрү, банктын шарият кеңешинин аалымдары жана конкурсанттар катышты.
Ыйык Куран окуу менен башталган китеп саамалыгы Манас айтуу, төкмө акындардын алым сабагы жана атайын спектаклдер менен коштолду.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө улуттук агенттиктин төрагасы жеңүүчүлөрдү куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен бирге, мамлекеттин диний чөйрөгө болгон камкордугу тууралуу учкай токтолуп өтсө, Азирети Муфтий китеп окуунун абзелдиги боюнча кеңири сөз кылды.
“Мухтасар ал-Викоя” китеби ханафий мазхабында ѳтѳ белгилүү, ишенимдүү фикх китеби болуп эсептелет. Китеп 14-кылымда жашап ѳткѳн атактуу аалым Убайдулла Масуддун калемине таандык. Канчалаган кылымдардан бери ѳзгѳчѳ Орто Азияда биздин ханафий мазхабындагы дасыккан аалым-уламаларыбыз бул китепке ѳздѳрүнүн баасын берип, эң ишенимдүү китептерден болгонун айтып, диний сабаттуулукту арттырууда жана диний агартуу иштеринде ишенимдүү пайдаланып келишкен. Башкача айтканда, бул китеп бүгүнкү күндѳ дагы биздин мусулман коомчулугубуз үчүн зарыл китептерден болуп эсептелет. Ал эми “Ислам банкинги” китеби адамзаттын каржылык муктаждыктары, соода-сатык мамилелери, экономикалык тутумдары өзгөрүп, улам жаңы багыттар пайда болуп жаткан азыркы заманда биздин кыргыз коомчулугу үчүн аба менен суудай зарыл китептерден болуп саналат. Албетте шарият эрежелерине негизделген ислам финансылыгы – бардык доорлордо акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө, этикага негизделип келген. Мындай каржылык мамилелер коомдун туруктуулугун камсыздайт. Дал ушул негиздерге таянып, ислам дини адамдын күнүмдүк каржылык жашоосуна багыт берип, руханий тазалык менен материалдык жоопкерчиликти айкалыштырган уникалдуу системаны – ислам финансы тутумун сунуштайт. Аталган китептерди кыргыз тилине которуп чечмелеген дасыккан аалымыбыз Тажидин Эшанкуловго ыраазычылык билдиргим келет», – деп билдирди КМДБ жетекчиси.
Муфтият, MISLAMIC кызматы жана «Дарак» басма үйү тарабынан уюштурулган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, баш байге ээлерине умрага жолдомо, 1-орунга 45 миң сом, 2-орунга 40 миң сом, 3-орунга 35 миң сом, ал эми 4-орундун ээлерине 25 миң сомдон тапшырылды. Мындан сырткары облустук этаптын жеңүүчүлөрүнө да грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Республикалык этаптын жыйынтыгы (тизме):
Башкы байге ээлери – Темирбаев Або Бакир, 1-май району, «Салкын» мечити (67 балл);
Шамов Абдурашид, Ленин району, «Мааткабыл уулу Шаршенбай» мечити, (66 балл).
1-орун – Кулматов Ысакбай, Лейлек району, Раззаков шаары, «Кадырбай» мечити (45 балл);
2-орун – Ибраимов Тариел, Ленин району, «Абдулла Салих Айша» мечити (44 балл);
3-орун – Рысбаев Бекболсун, Свердлов району, «Имам Аазам» мечити, (43 балл).
Ал эми 4-орунду 42 баллдан алган төмөнкү дин кызматкерлери ээледи:
Мусалы уулу Кутман, Жумгал району, «Доскулу» мечити
Нурмамат уулу Жоомартбек, 1-май району, «Сулайман» мечити
Марат уулу Абу Бакр, Свердлов району, борбордук «Кимсанбай ажы» мечити;
Бактыбеков Ислам, 1-май району, «Ансар» мечити.