"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 01.04.2026
  • |

Манас шаарында экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышы өтүүдө

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен белгилүү дин аалымы, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышынын финалдык туру өтүп жатат.

Буга чейин Куран конкурстун облустук жана шаардык этаптары өткөрүлгөнүн, финалга жолдомо алган 27 кары ат салышып жатканын уюштуруу тобу билдирди:

«Азирети Муфтийдин демилгеси, Куран сүйгөн ишкер жигиттердин демөөрчүлүгү менен маанилүү иш-чара өтүп жатат. Бир кездеги дүйнөлүк Куран жарышынын жеңүүчүсү Абдулла кары Акпарали уулу баштаган дасыккан калыстар тобу баалап жатат. Баары ачык-айкын жана калыс өтөт», — деди Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз ажы Султанов.

Конкурсанттар Курандын 30, 20 жана 10 парасын тажвид эрежеси менен жатка окуп жатышат. Куран саамалыгынын эң кенже катышуучусу Ноокат районунан келген 13 жаштагы Укаша Жумамидинов. Ал 5 жашында Куран окуганы менен белгилүү. Куран жарышы жаш курагы 35 жашка чейинки мырзалар арасында гана өтүүдө.

Республикалык Куран жарышынын жалпы байге фонду 5 миллион сомду чапчыйт. Байгелүү орундарга акыркы үлгүдөгү 3 автоунаа жана умрага жолдомолор, кызыктыруучу белектер коюлган. Куран конкурсу эртең, 2-апрель күнү жыйынтыкталат жана сыйлоо аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышат.