Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Кыргызстан Ислам университетинин проректору Бакытбек ажы Ниязовдун апасы, 9 перзенттин энеси Шазаада Ниязованын 93 жашында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана муфтияттын жалпы жамааты көңүл айтат.
Урматтуу Бакытбек агай! Шазаада апабыздын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алла Таалам сизге жана жакындарыңызга сабыр, күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, бейиштин гүлзарлуу бакчаларын насип кылсын.
“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).
“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156).
Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөт.