"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 02.04.2026
  • |

Кара-Сууда ажылык сапарга аттанган ажылар үчүн сабак өтүлдү

Кечээ, 1-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун борбордук мечитинде район боюнча ажылык сапарга аттанган жалпы ажыларга атайын сабак уюштурулуп, анда КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев жана Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров баяндама жасашты.

Сабактын жүрүшүндө Султанали ажы Гапуров ажыга баруучулар КМДБ тарабынан бекитилген ажы башчыларга баш ийип, тартип менен жүрүм-турум эрежелерин сактоо керектигин эскертти.

«Эң эле алгач сабырдуулукту үйрөнөлү. Анткени ажылык – бул машакат. Эч ким сиздерди атайын кыйналсын дебейт. Бирок көпчүлүктө ар кандай учурлар болот. Ошол учурда сабыр кылуу менен тартипти сактап, ибадатка көңүл буруңуздар», – деди Султанали ажы Гапуров.

Ал эми Абдулазиз ажы Туташбаев ажылыкка руханий жактан даярдануу, ажылык учурундагы ибадаттарды аткарууда ыкластуулук жана ажылыктын негиздери боюнча маалымат берди.

Айта кетсек, Кара-Суу району боюнча 8 ажы башчы жетектеген 332 жаран ажылык сапарга аттанууда.