Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу кадрлар резервине кирүү үчүн документ тапшырган талапкерлер!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин облустагы жана шаардагы өкүлчүлүктөрдүн курамынын кызмат ордуна жана райондук баш имам-хатибдеринин кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн документ тапшырган талапкерлер арасында сынак жарыялайт.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
I ЭТАП: Тест алуу
• Өткөрүлүүчү күнү: 31-март, саат 12:00
• Дареги: Ар бир өкүлчүлүктөрдүн борбордук мечити.
• Маанилүү: Тесттин жыйынтыгы боюнча босого упай алган талапкерлер гана экинчи этапка (маектешүүгө) жолдомо алышат.
II ЭТАП: Маектешүү
Оозеки сынак аймактар боюнча төмөнкү тартипте өтөт:
1. Бишкек шаары, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 1–2-апрель
* Бишкек шаары саат: 10:00
* Чүй облусу саат: 11:00
* Нарын облусу саат: 12:00
* Талас облусу саат: 14:00
* Ысык-Көл облусу саат: 15:00
Дареги: Бишкек шаары (КМДБнын имараты).
2. Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын талапкерлери үчүн:
Өткөрүлүүчү күнү: 4–апрель
* Ош облусу саат: 11:00
* Баткен облусу саат 14:00
5-апрель
* Жалал-Абад облусу саат 11:00
* Ош шаары саат 14:00
Дареги: Ош шаары, «Сулайман-Тоо» мечити.
Эскертүү: Талапкерлер жанында өздүгүн тастыктоочу документтерин (паспорт) алып келүүгө тийиш.