"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 1-апрел күнү муфтияттын кадрлар резервине кабыл алуу конкурсунун тестирлөө этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге аңгемелешүү сынагы башталды. Конкурстун аңгемелешүү этабы муфтияттын Бишкек шаары жана Чүй облустук өкүлчүлүктөрүнүн курамына, ошондой эле райондук-шаардык баш имам-хатиби кызмат орундарына талапкерлер арасында өткөрүлүүдө. Алдыда Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы диний кызмат орундарына конкурс өткөрүлсө, 3-4 апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагындагы диний кызматтар үчүн аңгемелешүү сынагы уюштурулат.
Муфтияттын тарыхында алгачкы ирет ишке ашып жаткан кадрлар резервин түзүү Азирети Муфтийдин 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеминде камтылган жана тиешелүү жобо менен жөнгө салынат. Конкурстун негизги максаты – жооптуу диний кызмат орундарына илимдүү, билимдүү, адеп-ахлактуу, кесипкөй, потенциалдуу кадрларды тартуу болуп саналат. Ошондой эле диний кызмат орундарына дайындоодо ачык-айкындуулук, адилет атаандаштык жана диний чөйрөнүн дараметин көтөрүү негиз алынган.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын облустагы жана шаардагы өкүлчүлүктөрдүн курамынын кызмат орду жана райондук баш имам-хатибдеринин кызмат орду үчүн кадрлар резервине кабыл алуу боюнча конкурска 200 дөй документ келип түшсө, анын ичинен 163 талапкер онлайн тестирлөөгө катышкан. Анын ичинен 106 талапкер босого баллдан өтүп, кийинки этапка мүмкүнчүлүк алган. Тестирлөөдө 57 талапкер жетиштүү балл ала албаган болсо, 37 талапкер ар кандай себептерден улам конкурска катышкан эмес.
Маалымат иретинде айта кетсек, жакында хатибияттын курамы жана жума мечиттердин имамы кызмат орундары үчүн кадрлар резервине кабыл алуу сынагы жүргүзүлөт. Андан кийинки кезекте диний окуу жайлардын курамы үчүн да кадрлар ревервин түзүү пландалууда.