«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
ЖАРЫЯ!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы республика аймагындагы бардык мечиттерде кызмат өтөгөн имамдар үчүн бирдиктүү форма (кийим) тигүү боюнча тигүүчүлөр жана тигүү ишканалары арасында ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты:
Имамдардын бирдиктүү, жарашыктуу жана улуттук баалуулуктарга шайкеш келген формасын иштеп чыгуу жана сапаттуу тигүүчүлөрдү тандоо.
Конкурска катышууга чакырылат:
Жеке тигүүчүлөр, ательелер, тигүү цехтери жана тигүү ишканалары.
Талаптар:
• Форманын үлгүсүн (эскиз/дизайн) сунуштоо
• Кездеменин сапаты жана курамы көрсөтүлүшү керек
• Тигүүнүн сапаты жогору болушу
• Баа сунушу (смета) көрсөтүлүшү зарыл
• Кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 25-февралына чейин
Документтерди кабыл алуу:
Катышуучулар өз сунуштарын (үлгү, баа, маалымат) жазуу түрүндө Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына тапшырат.
Конкурстун жыйынтыгы:
Комиссия тарабынан каралып, эң ылайыктуу сунуш ээси “жеңүүчү" деп табылат.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы
Тел: +996 550 540872
Дарек: Бишкек шаары, Семашко 264/3
Бардык кызыктар тараптарды активдүү катышууга чакырабыз!
P.s.: Ылдыйда ЖИ аркылуу даярдалган иллюстрациялык сүрөт пайдаланылды