Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Ордо калаада диний ишмердүүлүк жүргүзгөн активдүү мусулман айымдардын алгачкы республикалык форуму өткөрүлдү. Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Манас Муратбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери жана диний чөйрөдөгү активдүү кыз-келиндер катышты.
Иш-чарада Азирети Муфтий алдыдагы жарым жылдык иш-планы менен тааныштырып, суроолорго жооп берди.
Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин алты айлык иш-мерчемдин алкагында декабрга чейин төмөнкү иштер аткарылмакчы.
• Диний башкармалыкты толугу менен электрондоштуруу;
• КМДБнын структурасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, кадрдык резервди түзүү;
• Коомдогу диний маданиятты өнүктүрүү, диний чөйрөгө инвестиция тартуу жана КМДБнын тутумундагы диний кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу;
• Диний ишмердүүлүк жүргүзгөн мусулман айымдарга шарт түзүү.
Форумда диний ишмердүүлүк жүргүзгөн кыз-келиндердин диний чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу, анын сапатын жогорулатуу жана бирдиктүү иш алып баруу; аялдар арасында ханафилик-матуридилик негизиндеги салттуу дүйнө таанымын жеткиликтүү жайылтуу; бул жааттагы билим, демилге жана аракеттерди бир нукка салуу, системалоо; диний-маданий өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленип, механизмдери айтылды.
Ага ылайык, КМДБга диний чөйрөдөгү аялдар жагын тейлеген координатор айым алынып, казыяттарда, хатибияттарда жооптуу айымдарды бекитилет. Мечиттерде айымдар үчүн белгилүү сааттарда атайын сабак уюштурулуп, сабактарга жогорку диний билимдүү устазалар тартылмакчы. Натыйжада калктын санынын дээрлик жарымын түзгөн аялзатына көңүл бурулуп, аялдарга гана таандык диний маселелер аялдар тарабынан гана угулат жана диний муктаждыктары чечилет. Ошондой эле салттуу ислам (ханафилик-матуридилик) окуусу үйрөтүлүп, мусулман айымдар да бир акыйда, бир мазхабдын алдында биригет. Бул аркылуу аялдар арасында салттуу эмес агымдардын жайылышы басаңдап, диний чөйрөдө ынтымакка жана биримдикке шарт түзүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык маанидеги роликтер коюлуп, эркин форматтагы пикир алышуу болду.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун коомдогу диний маданиятты өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүү боюнча 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш планынын алкагында уюштурулду. Айымдарга арналган бул форум жыл сайын уланышы мерчемделүүдө.