«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Коом | 27.01.2026
  • |

Баткенде дин кызматкерлерине берилген кызматтык унаалар текшерилди

Баткен облусунда дин кызматкерлерине берилген кызматтык унаалардын абалы текшерүүдөн өткөрүлдү. Текшерүү иштерине КМДБнын башкы эсепчиси Толкунбек ажы Жуманов жана мекеменин чарба адиси Асан ажы Бекматов катышты.

КМДБ кызматкерлери Баткен облусуна берилген ар бир унаанын техникалык абалын, колдонуу тартибин жана жүрүлгөн чакырымын көздөн өткөрүштү. Облуска жалпысынан 4 автоунаа берилген. Алардын 3 ү райондордун баш имам-хатибдерине, 1 и муфтийдин өкүлүнө берилген. Техникалык кароодон өткөн соң унаалар 2026-жылга карата жол баракчалары (путевой листтер) берилди.
 
Учурда динди жеткирүү иштеринде көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн баш имам-хатибдер муфтиятка ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында алгачкы жолу КР Президентинин колдоосу менен райондордун баш имам-хатибдерине жаңы чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык унаалар тапшырылган. Ал эми муфтийдин облустардагы өкүлдөрүнө жана айрым райондорго кызматтык унаалар 2025-жылдын март айында берилген.