"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов менен жолугушуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жылуу маанайда баарлашып, өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары тууралуу пикир алышты. Айрыкча, аэропорт аймагында келечекте курула турган мечиттин долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын пландык иштери, жайгашуу өзгөчөлүктөрү жана учак жүргүнчүлөрүнө түзүлгөн ыңгайлуулуктары туралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, ажылык жана умра сапарларын уюштурууда “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жана зыяратчыларга көрсөтүлгөн жагымдуу кызматтар белгиленип, бул багыттагы үзүрлүү кызматташтык жогору бааланды. Зыяратчыларга ыңгайлуу шарт түзүүдө “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын жетекчилигинин кошкон салымы өзгөчө экенин белгилеп өттү.
Жолугушуунун соңунда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манас Самидиновго ажылык жана умра сапарларына аттанган жарандарга ыкластуулук менен кызмат кылып, ар кандай тоскоолдуктардын алдын алып, бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, зыяратчыларды узатуу-тосуп алуу процессин уюштуруудагы зор көмөгү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын атынан Ыраазчылык катын тапшырды.
Айта кетсек, учурда «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган аэропортто учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү боюнча ири иштер аткарылууда. Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортуна кетчү дагы бир унаа жолу курулууда. Трасса азыркы жолдун түштүк жагына түшүп, узундугу 1,6 чакырымды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын май айында бүтүшү мерчемделген масштабдуу оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында аба майданынын аянты чоңоюп, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, 650 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жай курулууда. Анын катарында учак жүргүнчүлөрүнө дагы бир ыңгайлуу шарт түзүлүп, көз жоосун алган мечит да курулат.