“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Коом | 19.02.2026
  • |

Азирети Муфтий И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду

Кечээ, 18-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине багытталган жыйын болуп өттү.

Саамалыкта Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, үй-бөлүлүк баалулуктар, диний радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жолдору тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Биргелешкен иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров үй-бүлө баалуулуктары боюнча лекция окуду:

«Урматтуу студенттер, силер да келечекте ата-эне болосуңар! Кулагыңарга күмүш сырга. Үй-бүлө коомдун негизи болгондуктан, турмушка олуттуу кароо керек. Ислам дининин асыл баалуулуктарын жүрөккө сиңирип, аманат маселесинде Алладан коркуу зарыл. Азыр коомубузда үй-бүлөгө байланыштуу жагымсыз окуялар көп катталууда. Мунун баары адеп-ахлактын, сабырдын жана мээримдин жетишсиздигинен болуп жатат. Кийин үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болгонуңарда балдарга көп-көп мээрим төккүлө. Аларды күн сайын кучактагыла. Мээримге тойгон бала эч качан таш боор, мыкаачы, зордукчул болбойт», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.