«Денеде муштумдай эт бар. Ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал бузулса, бүт дене бузулат. А бул жүрөк эмеспи?!» (хадис)
Коом | 06.02.2026
  • |

Азирети Муфтий баштаган аалымдар улуттук агенттиктин төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 6-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын дин жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, коомдо диний ынтымакты жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар өз ара кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзүү боюнча пикир алмашышты.

Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы улуттук агенттик менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө, конструктивдүү диалогду улантууга жана өлкөдөгү диний туруктуулукту камсыздоого даяр экенин билдирди.