«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Коом | 14.02.2026
  • |

Азирети Муфтий Алтайга аттанган карыларга дубасын берди

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Орусия Федерациясынын курамындагы Алтай Республикасына аттанган кыргызстандык үч карыны узатты. Азирети Муфтийден дуба алган карылар эртең, 15-февраль күнү тоолуу Алтайга учуп кетишмекчи.

«Урматтуу карыкелер! Сиздерди өтө чоң озуйпа менен жөнөтүп жатабыз. Мурда ата-бабаларыбыз Алтайдан келип, исламиятты кабыл алышкан болсо, эми сиздер Алтайга барып диндин акыйкатын, көркөмдүгүн, тазалыгын көрсөткөнү турасыздар. Бул тарыхый миссия. Андыктан өтө жоопкерчиликтүү болуп, исламдын нукура баалуулуктарын көрсөтүңүздөр. Ала-тоолук мусулмандардан Алтай мусулмандарына ысык салам айта барыңыздар!», – деди Азирети Муфтий карыларга ак жол каалап жатып. 

Тоолуу Алтайга сапар алган карылар:
Абдималик кары Ускенбаев;
Нурлан кары Мухаммад;
Мухаммад кары Мирбеков.

КМДБнын эл аралык мамилелер жана Азирети Муфтийдин протоколу секторунун башчысы Белек ажы Жапаракундун айтымында, карылар Алтайда орозо ичи таравих намаздарында хатм өтүшөт жана жаш балдарга Куран алиппеси, адеп-ахлак боюнча сабактарды уюштурушат. 

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Орусия Федерациясынын курамындагы Алтай Республикасынын муфтийи Жанболат ажы Охтаубаевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу, билим берүү, кадр даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча макулдашкан. Жолугушууда Жанболат ажы Охтаубаев таравих намаздарында хатм өтүүчү карыларды Алтайга жөнөтүүнү кыргыз муфтиятынан суранган.