Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Коом | 31.05.2025
  • |

Ажылыкты уштуруу штабы Мина жана Арафаттагы даярдыктарды жеринде текшерди

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев ажылык амалдарынын негизги этабында пайдаланылуучу Мина жана Арафат өрөөндөрүндө болушуп, Кыргызстандын ажылары жайгаша турган чатырлардын даярдыгын жеринен көрүп чыгышты.

Даярдыктар учурунда штаб мүчөлөрү ар бир ажынын коопсуздугу, эс алуусу жана ибадатын шариятка ылайык аткаруусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышып, чатырлардын жайгашуусу, аба желдетүү системалары, суу менен камсыздоо, тазалык жана медициналык тейлөө маселелерин өзгөчө көңүл борборунда кароого алышты.

Мындан тышкары, штаб Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык министрлигинин жооптуу өкүлдөрү менен да жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, графиктердин так сакталышы, көчүү процессиндеги логистика жана кыргыз ажыларына көрсөтүлө турган кызматтар боюнча пикир алышты.

Жолугушууда кыргыз тарап ажылар үчүн шарттарды андан ары жакшыртуу, мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын алуу жана ажылык мезгилинде штаб менен ыкчам байланыш түзүү багытында сунуштарын билдиришти.

“Биздин ажыларыбыз Мина, Арафат жана Муздалифада ибадаттарды шариатка ылайык, коопсуз шартта аткарышы керек. Бул үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар жогорку деңгээлде болушу абзел. Биздин максат – зыяратчыларга толук кандуу ибадат кылуусуна бардык шарттарды түзүү”, – деди Улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов.

Штаб мүчөлөрү Кыргызстандын ажылары үчүн Мина жана Арафат өрөөндөрүндө пайдаланылуучу чатырлар учурда толугу менен даярдалып, көчүү мезгилине карата акыркы даярдыктар көрүлүп жаткандыгын күбө болушту.

“Ажылыктагы ар бир күн – бул чоң немат. Мина менен Арафаттагы жүрүш өзгөчө иреттүүлүктү талап кылат. Биздин максат – кызматтардын сапатын көзөмөлдөө жана кемчиликтерге жол бербөө. Бул иш – Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жасалып жаткан кызмат”, – деп белгиледи штаб төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев.