“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Коом | 19.02.2026
  • |

Африка: Руанда өлкөсүндө карыларга арналган илимий практикалык симпозиум өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 18-20-февраль күндөрү Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасы Африканын Руанда мамлекетинде дүйнө жүзү боюнча 70 миң кары чыгарганына байланыштуу, илимий практикалык симпозиум жана  салтанаттуу иш-чара уюштурду. 

Аталган иш-чарага көптөгөн өлкөдөн дүйнөгө таанымал карылар чакырылган. Алардын катарында эл аралык Куран конкурстарынын калысы, “Абдулла бин Аббас” куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек карыТаштемиров да атайын чакыруу менен катышууда. 

Иш-чаранын максаты мусулман жаштарды Куран жаттоо жана анын теңдешсиз илимий казынасына кызыктыруу, аны жашоодо колдонуу, ошондой эле илим талап кылуучуларга Куран жаттатуу жаатында тажрыйба алмашуу болуп эсептелет.