«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Коом | 10.02.2026
  • |

40 КАДАМ: МУФТИЯТТЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ИШ-МЕРЧЕМИ КАНЧАЛЫК ИШКЕ АШУУДА?

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?! Кыскача сереп салдык.

Киришүү

2024-жылдын 8-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров муфтийлик кызматка киришкен соң кыска убакыт ичинде Муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчемин иштеп чыгып, Аалымдар Кеңешинин кароосуна жолдогон. Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар мажилисинен колдоо тапкан бул иш-мерчем КМДБнын жалпы эмгек жамаатына презентацияланып, мекеме кызматкерлери тарабынан бир добуштан жактырылган. Ошондон тарта 40 кадамдан турган стратегиялык иш-план бекитилип, аны аткаруу процесси жанданып, учурда кызуу ишке ашып жатат. 

Учурда 40 кадамдан турган 5 жылдык планды ишке ашыруу механизмдери аныкталып, жооптуулар бекилип, аны жүзөгө ашыруу ырааттуу жүргүзүлүүдө. КМДБнын тарыхында алгачкы, комплекстүү жана 5 жылдык мөөнөттү кучагына алган стратегиялык иш-мерчем Азирети Муфтийдин жеке көзөмөлүндө ишке ашууда. Муфтийлик кызматка келгенине 2 жыл болгон КМДБ жетекчисинин аракеттери менен бир катар кадамдар ийгиликтүү түрдө ишке ашырылды. Бул боюнча алдыда кеңири сөз кылынат.   

Иш-мерчемдин багыты Муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу болуп саналат. Бул иш-мерчем 2029-жылга чейинки убакытты өз ичине алат. Аны ишке ашыруучулар КМДБнын борбордук аппараты, муфтияттын аймактагы өкүлчүлүктөрү, хатибияттар, имамдар жана ДОЖ кызматкерлери болуп, 5 жыл ичинде диний кызмат көрсөтүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлөт. Жыйынтыгында Кыргызстан мусулмандарынын башын бириктирген Муфтияттын приоритети жакшыртылып, өлкөдө диний маданият сезилерлик деңгээлде өнүгүшү күтүлүүдө. 

40 КАДАМ

1-кадам: Зарыл диний басылмаларды даярдап, чыгаруу

-Куран-и Каримди Матуриди акыйдасына ылайык, башынан кыргызчага которуу (фундаменталдык өңүттө оодарылган аяттарды, өзгөчө хабарий сыфаттарды кылдат кароо. Бирдиктүү Куран котормосуна жетишүү (Муфтият котормосу).
-Исламдын бардык илимдери боюнча китептерди басуу, ошондой эле сапаттуу, илимий видеосабактарды тартуу. 

Аткарылышы: КМДБнын диний билим берүү, үгүт-насаат, мечиттер жана фатва бөлүмдөрүнө жана илим изилдөө институтуна тапшырмалар берилди, учурда механизмдери иштелип жатат.

2-кадам: Кадрлар резервин түзүү
Аткарылышы: Узап бараткан 2025-жылдын соңунда Муфтият кадрлар резерви боюнча ачык сынак жарыялады. Кадрдык резервди түзүү атайын жобого ылайык жүргүзүлүп, анын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин облустагы жана шаардагы өкүлү кызмат ордуна, өкүлчүктүн курамынын кызмат ордуна, ошондой эле, райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин кызмат ордун ээлөө үчүн кадрдык резервге кирүү боюнча ачык сынак өттү. Бул биринчи этап болуп, ондогон документтер келип түштү. Экинчи этапта жооптуу имам, имам-хатиб, имам жана ДОЖ кызматкери ордуна конкурстар өтөт. Сынакка катышуучу талапкерлерге коюлуучу талаптар жана тапшырылуучу документтердин тизмеси Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлмөкчү.  

3-кадам: Жер-жерлерде диний агартуу кербендерин уюштуруу; Исламий баалуулуктарды жана улуттук дөөлөттөрдү жайылтуу

Аткарылышы: 2024-жылы Азирети Муфтий жергиликтүү эл менен жолугушуу максатында өлкөдгү 7 дубан, 2 калааны кыдырып чыкты. «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербендин алкагында КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу, салттуу исламды даңазалоо, деструктивдүү жана салттуу эмес багыттардын идеяларын ашкерелөө жана жокко чыгаруу өңдүү темалар козголуп, улуттук нарк менен ислам дөөлөттөрүнүн шайкештиги даңазаланды. Ал эми 2025-жылы бул кербен райондук деңгээлде жүргүзүлүп, Азирети Муфтий бир катар райондорго иш сапары менен барды. Бул иш сапардын алкагында салттуу үй-бүлө институтун даңазалоо, дин кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүү, социалдык камкордукка алуу, улуу муун аалым-молдолорду зыярат кылууну өз ичине камтыды.

4-кадам: Эл аралык, республикалык жана аймактык Куран, хадис жана азан жарыштарын өткөрүү
Аткарылышы: Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен 2025-жылдын 27-28-октябрь күндөрү Республикалык Куран жарыш өткөрүлдү. Ушундай эле конкурс өткөн жылдары дагы жогорку деңгээлде уюштурулуп, Куран окуу жана жаттоо даңазаланган. Ал эми аймактарда Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен жалпысынан 100 гө чукул Куран жана азан жарыштары өткөрүлдү.

5-кадам: Кыргыз жана кыргызстандык карылардын окуусундагы Курандын толук хатмдарын жаздыруу, интернетке жайылтуу, компакт дискке басуу, алтын фондун (топтомун) түзүү;
Аткарылышы: Кыргыз жана кыргызстандык карылардын окуусундагы Курандын толук хатмдарын чогултуу, интернетке жайылтуу, компакт дискке басуу, алтын фондун (топтомун) түзүү пунктун аткаруу алкагында, муфтиятта 2025-жылы алгачкы жолу Куран студиясы ачылды. Куран студиясында улуу муун карыларынан Анарбай кары, ал эми орто муун карыларынан Абдулла карынын окуусунда Куран жазылып жатат. Кудай буюрса, жакынкы аралыкта кыргыз карысынын окуусундагы Куран хатм бүткөрүлүп, интернетке жүктөлмөкчү.  

6-кадам: Кыргыз жана кыргызстандык молдолордун өмүр баяндарын чогултуу, китеп кылып басуу, интернет булактарына жайылтуу, кыргыз аалымдарын жаш муунга жеткирүү, «алтын топтомун» түзүү
Аткарылышы: Кыргыз жана кыргызстандык молдолордун өмүр баяндарын чогултуу, китеп кылып басуу, интернет булактарына жайылтуу, кыргыз аалымдарын жаш муунга жеткирүү, «алтын топтомун» түзүү боюнча иштер башталууда. Диний кызматкерлердин кадыр-баркын арттыруу жаатында бир катар иштер аткарылып, аалымдарды пропаганда кылуу иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Дал ушул максатта бир канча аалым-молдолордун өмүр баяндары тууралуу маалыматтар КМДБнын сайтына маалыматтар чыгууда. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи аймактарда көп жылдар бою имамдык кылган ардактуу молдолорду зыярат кылып, баталарын алууда. Дал ушул жаатта «Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тарыхы» аталышында Муфтияттын жана анда кызмат кылган дин аалымдарынын өмүр жолу камтылган китеп жарык көрдү. 

Ал эми китептерди даярдоо жана басып чыгаруу кийинки жылдарга мерчемделип жатат.

7-кадам: Классикалык хадис эмгектерин кыргызчага которуу, бирдиктүү кыргызча хадистердин топтомун түзүү
Аткарылышы: Алдыдагы жылдарда бирдиктүү хадис тексттерин даярдоо жана коомчулукка жайылтуу иштери аткарылат.

8-кадам: Жарым жыл сайын ДОЖдор аралык диспут, конференция, дебат, акыл таймашы, илимий сукпаттарды өткөрүү

9-кадам: КМДБнын (электрондук) илимий журналын түптөө
- Жыл сайын май айында республикалык деңгээлде студенттик илимий симпозиум өткөрүү;
- Симпозиумда окулган баяндамаларды илимий журнал аркылуу коомго жайылтуу.

Аткарылышы: Кийинки үч жылда бул пункттар жүзөгө ашырылмакчы.

10-кадам: Калкты адал тамак-аш менен камсыздоо алкагында жаңы бийиктиктерге жетишүү;
Башка мамлекеттерден тажрыйбасын пайдалануу.

Аткарылышы: Муфтияттын халал бөлүмүнүн статусун күчөтүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылууда. Учурда КМДБнын халал өндүрүш жаатындагы ишмердигин жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө. Атап айтканда, мекеме бөлүмүн аккредитациядан өткөрүү жараяны кызуу жүрүп жатат. Ошондой эле адал жана таза азык-түлүктүн мааниси боюнча түшүндүрүү-агартуу иштери колго алынууда.

11-кадам: Диний күркөлөрдөгү китептерге мониторинг жүргүзүү, салттуу эмес багыттагы китептердин сатылышына жол койбоо
Аткарылышы: Бул багытта өлкө боюнча комплекстүү иштер аткарылды. Алсак, күркөлөрдөгү диний китептер текшерилип, КМДБдан жана улуттук агенттиктен гана уруксат алынган китептер сатылышы керектиги кеңеш кылынды.

12-кадам: Исламий китепканаларды түзүү
- Биринчи этап: жалпы жарандар үчүн КМДБнын алдында заманбап Борбордук китепкана ачуу, аны менен бирге эле электрондук китепкана түзүү;
- Экинчи этап: өкүлчүлүктөрдүн алдында ачуу;
- Үчүнчү этап: хатибияттардын алдында ачуу;
- Төртүнчү этап: ар бир мечитте китеп бурчтарын түзүү.

Аткарылышы: Учурда ар бир мечитте китеп бурчтарын түзүү боюнча иштер аткарылып жатат. Ага ылайык, ар бир мечитте КМДБдан уруксат алынган китептер жайгаштырылууда.

13-кадам: Кыргызча Ислам энциклопедиясын чыгаруу
- “Диний терминдер” китебин чыгаруу
Аткарылышы: Бул боюнча иштер илимий изилдөө институтунун аткаруусунда 2026-жылдан тарта иштер аткарылат.

14-кадам: ДОЖдордо окутуу үчүн предметтик окуу жана методикалык куралдарды (матуридилик-ханафилик багытында) иштеп чыгуу;
Аткарылышы: Учурда ДОЖдордун 1-курс студенттерине ылайыкталган мамлекеттик тилдеги диний окуу куралдар иштелүүдө.

15-кадам: КМДБнын алдында ханафилик-матуридилик багытында атайын курстарды ачуу
Чет өлкөгө диний билим алууга кеткен жана келгендерге багытталган салттуу ислам боюнча окуу курстарын ачуу зарылдыгы жаралгандыктан, ушул жаатта механизмдер иштелүүдө.

16-кадам: Муфтиятты жана анын алдындагы түзүмдөрүн электрондоштуруу, иш кагаздарды тиешелүү нормаларга ылайык иреттөө;
Аткарылышы: Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана анын алдындагы өкүлчүлүктөр мамлекеттик электрондук кат алышуу системасына (Инфодокс, СЭД) өткөрүлдү. КМДБнын 90% иш кагаздары санариптештирилди. Эми алдыда хатибияттардын электрондоштурулу мерчемделип, үстүбүздөгү жылдагы артыкчылыкчылыктуу багыттардын бири катары тандалып алынды. 

17-кадам: КМДБнын коомдогу имиджин көтөрүү, борбордук апараттын кызматкерлерине артыкчылык таануу. Ошондой эле коомдогу ар кандай жагымсыз көрүнүштөргө өз кезегинде реакция берүү, такталбаган маалыматтарды жана жалган кабарларды өз убагында төгүндөө.
Аткарылышы: КМДБ коомдо болуп жаткан ар кандай орун алган жагымсыз окуяларга өз учурунда реакция билдирип, борбордук аппараттын кызматкерлери тарабынан соц.тармактарда жана муфтияттын соц.баракчалары аркылуу билдирүүлөр жасалууда. Ошондой эле, адал жана арам сыяктуу коомчулуктун арасындагы такталбаган фейк маалыматтарды тактоого байланышкан маалыматтар чыгарылууда.

Ушул эле пунктка ырайык, муфтияттын борбордук аппаратындагы кызматкерлерге артыкчылык таануу сыяктуу бир катар иштер аткарылды.

18-кадам: Эл аралык мамилелерди жандандыруу;
Ислам дүйнөсү, араб жана түрк дүйнөсү, өзгөчө коңшулаш мамлекеттер менен бир туугандык жана коңшулук алака-катышты бекемдөө.

Аткарылышы: Эл аралык мамилелерди жандандыруу максатында КМДБнын Эл аралык байланыштар жана Азирети Муфтийдин протокол сектору түзүлүп, ар тараптуу кызматташтыкты жандандыруу максатында Сауд Араб Падышалыгы, Түркия мамлекети, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Россия жана анын курамындагы республикалардын Дин башкармалыктары менен тыгыз кызматташтык жолго коюлууда.

Азирети Муфтий кызматка келген 2 жыл жыл ичинде бир канча өлкөлөргө барып, маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Иш-чаралардын алкагында достук, ынтымак жана үммөт бир туугандыгы даңазаланып, салмактуу докладдар окулуп, меморандумдарга кол коюлду.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында КР ПРезиденти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI саммити өткөрүлдү. Түрк дүйнөсүнүн муфтийлеринин саммитине кыргыз муфтияты үй ээлик кылып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров башында турган команда жогорку деңгээлде уюштурду. Өлкө тарыхында алгачкы жолу өткөрүлгөн руханий саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын (мурдагы) башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

19-кадам: КМДБ түзүмүндөгү кызматкерлердин компетенттүүлүгүн көтөрүү, квалификациясын жакшыртуу. Мыкты кадрларды чет өлкөлөргө (т.а. мусулман мамлекеттерге) тажрыйба алмашууга, кыска мөөнөттүк окууларга жөнөтүү.

Аткарылышы: КМДБнын компетенттүүлүгүн көтөрүү максатында бир катар кызматкерлерди жумуштан алып же адистигине айкалыштыруу менен түзүмдүн башка бөлүмүнө которуу иштери жүргүзүлдү. 

Вакф, диний башкармалыктын иштери боюнча тажрыйба алмашуу максатында КМДБнын борбордук аппаратынын 3 кызматкери Катар мамлекетине бир жумалык сапарга барып келди.

20-кадам: Көп мүмкүнчүлүктүү КМДБ тиркемесин ишке киргизүү (намаз убактысы, зекет өлчөмү, кыбыла, электрондук даават форма толтуруу, каза намаз, рамазан календары, мечиттер картасы ж.б.)
Аткарылышы: Тиешелүү адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, атайын тиркеме даярдалууда. Ошондой эле мекеменин мечиттер бөлүмү тарабынан мечиттердин документациясы жана имамдар боюнча бирдиктүү база түзүлүп, иш кагаздары электрондоштурулуп, мечиттердин онлайн картасы ишке киргизилди. 

21-кадам: Көп мүмкүнчүлүктүү сайтты иштеп чыгуу. Ага электрондук китепкана жайгаштыруу, багыттарына жараша макалалар жана фатвалар каталогун түзүү;
Аткарылышы: КМДБнын жаңы сайты иштелип чыгып, жаңылыктар, макалалар, кызматкерлер тууралуу маалыматтар ж.б. киргизилди. Ошондой эле, кийинки пункттарды аткаруу жагы да мерчемделип жатат.
 
22-кадам: КМДБнын алдында студия жана басмакана ачуу

Аткарылышы: Муфтияттын алдында алгачкы жолу түптөлгөн студияда ислам илимдери, өзгөчө Куран илимдери боюнча сапаттуу, илимий видеосабактарды тартуу жүрүүдө. Учурда 20 га чукул долбоор тартылып жатат. Анда ислам илимдеринин дээрлик бардык бутактары, өзгөчө акыйда, шарият жана адептик баалуулуктар боюнча көлөмдүү жана салмактуу видеосабактар тартылып, муфтияттын YouTube каналы аркылуу чагылдырылууда.

Ал эми жакынкы келечекте басмакана ачуу жагы да каралууда.

23-кадам: Ажылыкты өркүндөтүү жана умра зыяратын колго алуу
Аткарылышы: Ажылыкты уюштуруу иштери бир калыпка түшүп, туруктуу өнүгүп келе жатат. 2024-25-жылдары ажылыкты уюштуруу боюнча Кыргызстан бир катар критерийлер боюнча дүйнөлүк үчтүккө кирди.
Ал эми умра сапарын өлкө аймагында уюштурууну колго алуу максатында:
Умра бөлүмү атайын бөлүм катары бекитилди;
Умра бөлүмдүн сапатын жакшыртуу максатында адистер дайындалды;
Барды умра сапарын уюштуруучу фирмалар каттоого алып, аккредитациялоо иштери кызуу жүрдү;
Умра сапарын уюштуруучулар КМДБ жана тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан көзөмөлгө алынды;
Умра сапарын жакшыртуу максатында умра фирмаларын көзөмөлдөгөн онлайн көзөмөл ишке киргизилди.

24-кадам: КМДБнын алдында жаштарга арналган интеллектуалдык жана маданий иш-чараларды уюштуруу. (Мисалы, котормочулар клубу, ойлоп тапкычтар клубу, таланттар клубу ж.б.)
Бул иштер алдыдагы жылдарда аткарылат.

25-кадам: Республикалык китеп окуу конкурстарын өткөрүү:
- Атайын конкурстарды (айтыш, поэзия жана кара сөз) конкурстарын өткөрүү. 
- Спорттук мелдештерге арналган Муфтият кубогун уюштуруу.
- Диний-маданий иш-чараларды өткөрүү (китеп жарманкеси, көргөзмөлөр, спектакль). Бул боюнча жоболорду иштеп чыгуу. 

Бул иштер жакынкы жылда ишке ашырылат.

26-кадам: Кызматкерлердин ишин адилет баалоо жана шыктандыруу үчүн атайын «Жыл мыктылары жөнүндө» жобо иштеп чыгуу. Ага ылайык «Муфтияттын мыкты кызматкери», «Мыкты казы», «Мыкты баш имам-хатиб», «Мыкты имам» ж.б. наамдарын тапшырууну тартипке келтирүү. 
- Ар бир ДОЖдо атайын жобо менен «Мыкты студент» кароо-сынагын уюштуруу. Аны жеңип чыккандардын ичинен атайын комиссия тандаган эң мыкты 5 же 10 студентке бир жолу берилүүчү «Азирети Муфтийдин стипендиясын» тапшыруу (жобо иштелип чыгат). 
- Зээндүү балдарды (ишенимдүү диний билим берген) ДОЖдорго тартуу, алмашуу программаларына активдүү аралаштыруу.

Аткарылышы: Өткөн жылы диний окуу жайларында «мыкты студенттер» аныкталып, Азирети Муфтийдин колунан акчалай сыйлык алышты. Калган иштер алдыдагы жылдары ишке ашырылат.

27-кадам: Зекет, садага жана үшүрдү жолго коюу
- Элдин мүлктүк ибадаттарын ачык-айкындаштыруу жана системалаштыруу.
Аткарылышы: Зекет, садака жана үшүрлөрдү жыйноонун жаңы этапка чыгаруу боюнча электрондук төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Башкача айтканда, «Финик» тиркемеси ишке киргизилип, ар бир жаран QR-код аркылуу шарияттык милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү төлөй алат. Чаар даректеги төлөмдөр аркылуу калктын диний маанидеги акчалай каражаттары ачык-айкын болуп, ар бир сомдун эсеп-кысабын чыгаруу жеңилдейт. Мындагы ачык-айкындуулук калайыктын ишенимин арттырып, кайрымдуулукка шыктандырат.

28-кадам: Муфтияттын алдында Вакф ачуу
- Ислам каржы системасы боюнча иш алып баруу
Аткарылышы: Жакын арада Муфтияттын алдында Вакфтын ачылышы күтүлүүдө. Ошону менен катар, ислам каржылык системасы боюнча агартуу иштери колгон алынып, финансылык сабаттуулук боюнча жеткилең маалымат берүү иштери жүрүүдө.

29-кадам: КМДБнын жаңы имаратын ачуу
- Чет өлкөдөн же аймактардан келген коноктор үчүн КМДБнын алдында конок үйлөрүн ачуу.
- Кыргыздардын жана Кыргызстандын ислам тарыхы боюнча музей ачуу

Аткарылышы: КМДБнын жаңы имаратын куруу боюнча алгачкы иштери башталды. Учурда жерпай (котлован) казуу иштери кызуу жүрүүдө. 40 кадамдагы бир катар иш-мерчемдер, мисалы музей ачуу, китепкана түзүү, ардактуу меймандар үчүн конок үйлөрүн түзүү, басмакана ачуу сыяктуу пункттар жаңы имараттын базасында ишке ашарын кошумчалай кетүү эп. 

30-кадам: Дин кызматкерлерине шарт түзүү, айлык акы менен камсыздоо:
1-этап: Имамдарды айлык менен камсыздоо;
2-этап: ДОЖ кызматкерлерин айлык менен камсыздоо;

Аткарылышы: КМДБнын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү жагы каралууда;

Имамдарды айлык маяна менен камсыздоо боюнча, азыркы күндө ар бир имам 8 000 (сегиз миң) сомдон стипендия менен камсыздалды;

Республика боюнча пилоттук негизде 7 диний окуу жайдын жетекчилерине жана орун басарларына айлык акы каралып, 2024-жылдан бери үзгүлтүксүз берилип келет. 

Алдыда ар бир диний кызматкерге жакшы айлык чегерүү механизмдери иштелип чыгууда.

Өткөн жылдарда Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 40 баш имам-хатибге жана Азирети Муфтийдин аймактардагы 9 өкүлүнө 2024-жылы чыгарылган ата мекендик «Chevrolet» унаалары берилди. Кызматтык унаа тапшыруунун негизги максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана элге ыңгайлуу, сапаттуу диний кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп саналат. Кызматтык автоунаалар аймактагы дин кызматкерлеринин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткарышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин өркүндөтүү максатында да масштабдуу иштер аткарылууда. Алсак, өлкө боюнча диний кызматкерлердин тавжид билимдерин кайталоо, азанды туура айтуу жана Куранды так окуу боюнча семинарлар уюштурулду. Тажрыйба алмашуу, кызматкерлерди жумуш сапатын жана билим деңгээлин жогорулатуу максатында 30 имам Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарына 1 айлык окутууга жиберилди.

Мындан сырткары муфтият тарабынан өлкө боюнча 60 дин кызматкерине жана 30 карыга умрага жолдомо берилип, диний кызматкерлерине шык берилди.

31-кадам: ДОЖдорду реформалоо: Жаңыланган бирдиктүү окуу программасын бекитүү
- Диний билим берүүнү электрондоштуруу
- Ар бир ДОЖго дүйнөбий билимдерди берүү, ар бирине кошумча кесипке үйрөтүүнү кийирүү. 
- ДОЖдордо билим берүүнүн мамлекеттик стандартын киргизүүгө жетишүү.

Аткарылышы: 2025-2026-окуу жылына жаңыланган окуу программалары менен сабактар башталды. 2026-2027-окуу жалында 100% жаңыланган программа менен окутуу мерчемделүүдө;

Диний билим берүнү электрондоштуруу максатында e-КМДБ программасы ишке киргизилип, республикадагы диний окуу жайлардын тийиштүү документтеринин 90%ы жүктөлгөн. Мындан кийинки кадамда e-күндөлүктү (студенттерди электондук баалоо) колдонуу алдында турат.

32-кадам: КМДБнын атайын онлайн телеберүүлөрүн жана радиотүйүнүн ишке киргизүү
Аткарылышы: Алдыда муфтияттын өздүк онлайн телеканалын жана радиосун ачуу мерчемделүүдө.

33-кадам: Мечиттердин шартын жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу. Каттоо иштерин жогорку деңгээлде алып баруу.

Аткарылышы: Мечиттердин шарттарын жакшыртуу боюнча облус, шаардык жана райондук, шаардык хатибияттарга тапшырмалар берилип, жетекчилик тараптан көзөмөлгө алынды.

Мечиттерди каттоо, бирдиктүү онлайн реестр түзүү, мечиттердин бирдиктүү архитектуралык проектерин иштеп чыгуу иштери жолго коюлду. Анын алкагында мечиттердин карталары түзүлүп, муфтияттын расмий баракчасында колдонууга берилди.

34-кадам: Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин (өзгөчө көзү азиздердин) диний билим алуусуна шарттарды түзүү

Аткарылышы: Көзү азиздердин диний билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана аны жакшыртуу максатында КМДБнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Дагестан Республикасына болгон иш сапарынан алкагында атайын мүмкүнчүлүгү чектелгендерге багытталган окуу жайлар, андагы шарттар жана программалар менен таанышып келди;

Катар кайрымдуулук уюмунун Кырызстандагы филалынын колооосу менен көзү азиздерге багытталган Брайл басылмасындагы 1000 даана китеп алынып келинди;

Алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Куран конкурс өтүп, жеңүүчүлөргө умрага сертификат тапшырылды.
Ошондой эле муфтияттын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу менен өлкө аймагындагы ондогон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ырааттуу жана пландуу түрдө семинарлар өтүлдү. 

35-кадам: Үй-бүлө институтун бекемдөө иш-чараларын өткөрүү, атайын роликтерди, кинолорду тартуу, анимациялык тасмаларды даярдоо
Аткарылышы: Үй-бүлөдөгү атанын орду, жубайлардын ортосундагы мамиле, ата-энени сыйлоо, коомдо өзүн алып жүрүү адептери сыяктуу кыска видео роликтер даярдалды. Калган пунктчалар боюнча да алдыда иштер аткарылат.

36-кадам: КМДБ түзүмүндөгү жетекчилик рангындагы кызматкерлерди ротациялоо
- КМДБнын түзүмүндөгү кызматкерлерден 6 айда бир отчёт алуу, жыл сайын аттестациялоодон өткөрүү;
- КМДБнын алдындагы жетекчилик кызматтарды ээлөөгө чек коюу. 

Аткарылышы: Борбордук аппараттын кызматкерлерин облустук өкүлчүлүктөргө жана аймактагы кызматкерлери которуу жолу менен борбордук аппаратка алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Азирети Муфтийдин аймактардагы өкүлдөрү да этап-этабы менен ротацияланды. Ротациянын максаты калайыкка диний кызматты жакшыртуу, натыйжалуулукту жогорулатуу, квалификацияны кеңейтүү, адилеттикти камсыздоо, тажрыйбалуу адистерге мүмкүнчүлүк жаратуу ж.б. болуп саналат. Кийинки кезекте баш имам-хатибдерди ротациялоо жагы да каралмакчы.

Облустук, шаардык өкүлчүлүктөрдөн жана райондук, шаардык хатиияттардан системалуу түрдө 6 айлык отчёттор алынууда. Айта кетсек, 2024-жылдан бери отчёт алуу формалдуулукка эмес, реалдуулукка негизделип, конкреттүү иш-мерчемдердин негизинде гана угуу жолго коюлду.

37-кадам: Аялдарды туура нуктагы диний билим менен камсыздоого көңүл буруу
- КМДБнын борбордук жана аймактык түзүмдөрүндө аялдар үчүн штат ачуу.

Аткарылышы: Райондук жана шаардык хатибияттада аймактагы аялдар менен иш алып барууну жакшыртуу максатында 53 хатибиятка бирден штат ачылды 

Ошондой эле ордо калаада диний ишмердүүлүк жүргүзгөн активдүү мусулман айымдардын алгачкы республикалык форуму өткөрүлдү.

38-кадам: Мамлекеттик мекемелер менен байланышты жана кызматташтыкты бекемдөө. Андагы кызматкерлерге адеп-ахлактык багыттагы сабактарды уюштуруу. 
- Тийиштүү органдар менен радикализм жана экстремизм менен ырааттуу күрөшүү. 
- Тиешелүү ведомстволор менен жаштардын адеп-ахлактык потенциалын көтөрүү боюнча иш алып баруу.
- Мамлекеттик тил комиссиясы менен иш алып барып, мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында иш алып баруу.

Аткарылышы: Бул багытта үзгүлтүксүз жана комплекстүү иштер аткарылып жатат.

39-кадам: КМДБ жана АК тарабынан чыккан фатваларды басуу
-Муфтияттын алдында жарандардын диний суроолоруна түз жооп берүүчү call-борбор ачуу

Аткарылышы: Бул боюнча системалуу иштер аткарылууда. Алсак, “100 суроого 100” жооп аттуу фатваа китеби даярдалып, басылуу алдында турат.
КМДБнын тарыхында алгачкы жолу жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борбор ачылып, күжүлдөп иштеп келүүдө.
Тел номуру: +996550557775

40-кадам: КМДБнын ишмердүүлүгүн Конституция жана тийиштүү мамлекеттик мыйзамдарга (мис: Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам) шайкеш келтирүү;
- КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарын аткаруу;
- Диний чөйрөгө таандык концепцияларды ишке ашырууга катышуу;
- Экологияны коргоого жигердүү аралашуу.

Аткарылышы: КМДБнын ишмердүүлүгү, тагыраагы диний агартуу иштерин жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарга ылайык ишке ашырылууда. Мекеме кайрадан юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Курултайдан жактырылган Уставы бекилди. 

Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү , "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" , "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" ж.б. Жарлыктарын аткарууда КМДБ жигердүүлүк менен иш алып барды жана бара бермекчи. 

Ошондой эле муфтият диний чөйрөгө таандык концепцияларды ишке ашырууга кызуу катышты. Ага ылайык, бир катар реформалар жасалды. Атап айтканда, казыяттарды өкүлчүлүк деп кайра түзүү, диний чөйрөдө айымдардын ролун күчөтүү жана хатибияттардын статусун жогорулатуу сыяктуу иштер аткарылууда.

Мындан сырткары Президент С.Н.Жапаровдун демилегеси менен башталган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясына катышып, жашылдандырууга багытталган жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.

КМДБpress