Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Билим берүү | 03.07.2025
  • |

ДОЖдордо окуу программаларынын тематикалары белгиленүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында ДОЖдордо хадис жана тафсир илимдерин окутуу жана тематикаларын бекитүү маселеси талкууланды. Отурумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана медресе окутуучулары катышты.

Жыйын катышуучулары медреселерге көп учурда негизги диний маалыматтарды алып, динди таануу жана ибадаттарды үйрөнүү үчүн гана тапшырышып, 1-2 жылда кайра чыгып кеткендер арбын экени, ушул себептүү медреселерди эне тилдеги диний китептер менен да камсыздоо зарылдыгын белгилешти. Анткени медреселерге жаңы кирген улан-кыздар арабча билбегендиктен, базалык болсо дагы жеткиликтүү диний түшүнүк алышы зарылдыгын айтышты.

Азирети Муфтийдин 1-орун басары диний билим берүү жаатында бирдиктүү окуу программасы, окуу планы жана методика, тематикага ылайык билим берүүнүн зарылдыгы, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдар жана талаптар, динге илимий мамиле жана сааттык жүктөмдөр боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди. 

Талкуунун жыйынтыгында диний окуу жайларындагы төмөнкү курс студенттери үчүн бирдиктүү диний адабияттарды түзүү идеясы колдоо таап, Мавераннахр чөлкөмүндө жетилген атактуу аалымдардын классикалык эмгектерине негизделген колдонмолорду чыгаруу сунушу Аалымдар Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

Айта кетсек, ДОЖдордо окутулчу акыйда, тафсир, фикх, хадис, араб тили жана тасаввуф предметтеринин окуу программасы боюнча адистер, устаздар жана аалымдар талкуу кылып, тематикаларды белгилеп беришмекчи. Сөз болуп жаткан отурум да ушул демилгенин алкагында ишке ашырылды. Диний билим берүү жаатында алгачкы ирет уюштурулган бул секциялык кеңешме-талкуу алдыда атайын графиктин негизинде уланмакчы. Тагыраак айтканда, 8-июлда акыйда жана фикх боюнча, ал эми 9-июлда араб тили жана тасаввуф (көркөм адеп-ахлак) боюнча өткөрүлөт.