Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмү 2025-жылдын акыркы эки айында диний билим берүү жаатында ири жана системалуу иштерди жүзөгө ашырды. Билим берүүнү электрондоштуруу, билим сапатын жогорулатуу, тартипке келтирүү жана заманбап талаптарга ылайык реформалоо багытында бир нече маанилүү кадамдарды жасады.
Алгач, Бишкек жана Ош шаарларында диний окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, тармактагы көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Ошондой эле, бир топ убакыттан бери көңүл бурулбай келген диний окуу жайлардын документтери кайрадан каралып чыгып, тиешелүү күбөлүктөр тапшырылды. Мунун алкагында, аймактардан келген жоопсуз калган каттарга ыкчам жооп берүү системасы ишке киргизилди.
Мындан сырткары:
- Бөлүмдүн максаты, укуктары жана милдеттерин аныктаган жобо жана кызматкерлердин функционалдык милдеттерин иштеп чыгуу процесси башталды.
- Убактылуу ишмердүүлүгү токтоп турган окуу жайлар жеринен текшерилип, эскертүүлөр берилди.
- Учур талабына ылайык, диний окуу жайлардын статустарын аныктоо максатында, бүгүнкү күндө Ош облусу, Ош шаары жана Баткен облустарындагы жалпы окуу жайлар жеринен текшерүүдөн өттү.
- ДОЖдордун статусуна жараша окуу программаларын жана окуу пландарын түзүү, ар бир негизги предметтердин окутуучулары жана аалымдары менен предметтердин тематикасын аныктоо үчүн предметтик-секциялык жумуштун графиги түзүлдү.
- Диний окуу жайларда акыйда боюсабактар уланууда;
- Негизги иш мерчемдердин бири катары окуу тармагын бирдиктүү системага алып келүү жана электрондоштуруу жараяны белгиленип, учурда ДОЖдордун ишмердүүлүгүн жеңилдетүүчү электрондук база түзүлдү жана бардык маалыматтар дээрлик киргизилип бүттү. Аталган база окуу процессиндеги жана финансылык иштердеги ачык-айкындуулукту камсыздоого шарт түзмөкчү.
2025-жылдын аягына чейин бардык окуу жайлардын бирдиктүү электрондук системага толук түрдө өтүүсүнүн биринчи этабында эмнелер камтылган?
1. Окуу жайдын жетекчилери боюнча толук маалымат;
2. Картадан окуу жайлардын жайгашкан даректерин көрүү мүмкүнчүлүгү;
3. Жеңилдетилген тартипте электрондоштурулган документ алышуу (e-doc);
4. Окуу жайга тиешелүү жалпы документтер;
5. Статистика (студенттердин жалпы саны, мугалимдердин саны, канчасы эркек, канчасы аял, күндүзгү бөлүм, кечки бөлүм, сырттан билим берүү бөлүмдөрү ж.б көптөгөн маалыматтар камтылган) чыгаруу мүмкүнчүлүгү;
6. Окуу процессин толугу менен көзөмөлдөө (электрондук журнал, бардык окуу жайларда студенттерге болгон тестирлөө ж.б. иш мерчемдери менен кабардар болуп көрүп, көзөмөл жүргүзүү);
7. Кадрлардын резерв базасы (базада талапкерлердин маалыматтары жүктөлөт);
8. Жөнөтүлгөн өтүнүчтөр (электрондук база аркылуу арыз жазылат);
10. Видеофиксация (мугалимдердин өз убагында сабак өтүп жаткандыгын аныктоо мүмкүнчүлүгү).