Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Аймактар | 01.07.2025
  • |

Ноокенде дин кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда футболдук мелдеш өттү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Таза дин жана таза коом – экстремизмге каршы” ураанынын алдында футбол боюнча достук мелдеши болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Ноокен райондук ички иштер бөлүмү менен райондогу дин кызматкерлери тарабынан биргелешип уюштурулду.

Мелдешке Садырбаев, Эралиев, Бүргөндү, Достук айыл өкмөттөрү жана Шамалдуу-Сай шаарчасынын дин кызматкерлеринен түзүлгөн төрт команда катышып, өз ара ынтымактуу атаандаштыкта күч сынашты.
Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков белгилегендей, бул мелдеш “экстремизмге жана радикалдык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө коомдун биримдигин чыңдоо, спорт аркылуу ынтымакты бекемдөө” максатында уюштурулган.

Жыйынтыгында, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн командасы активдүү оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээледи.
Мелдештин соңунда Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан райондогу дин кызматкерлери менен тыгыз кызматташып келгендеги үчүн бир катар дин кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланышты. Алардын арасында райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, ошондой эле дин кызматкерлери Мирлан Төраханов жана Илияcбек Мусабаев да бар.