«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Аймактар | 04.02.2026
  • |

Жалал-Абад облусунда ДОЖдор аралык интеллектуалдык иш-чарасы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунда диний окуу жайлардын (ДОЖ) студенттери арасында “Акыл таймаш” аттуу интеллектуалдык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара КМДБнын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү, Манас шаарынын хатибияты жана «Из калтыр» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.
 
Иш-чарага КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басарынын м.а. Арпидин Жороев, окуу боюнча адис Нурдинбек Рустамбек уулу, ошондой эле фонддун активисттери катышты.
 
Акыл таймаш суроо-жооп форматында 4 бөлүк боюнча өткөрүлдү:
    •    I бөлүк — Фикх
(Ибадаттар жана күнүмдүк диний маселелер)
    •    II бөлүк — Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ өмүр баяны
(Сиро, тарбиялык жана тарыхый суроолор)
    •    III бөлүк — Логика
(Ой жүгүртүү, талдоо, тез чечим кабыл алуу)
    •    IV бөлүк — Жалпы билим
(Тарых, география, маданият жана коомдук суроолор)
 
Иш-чаранын максаты тууралуу сөз сүйлөгөн Арпидин Жороев:
 
“Бул акыл таймаштын негизги максаты — медреселерде билим алып жаткан жаштардын фикх илими, Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр баяны, логикалык ой жүгүртүү жана жалпы билим боюнча деңгээлин жогорулатуу. Ошондой эле, жаштарды илимге умтулууга, адеп-ахлакка бекем болууга жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанууга чакырат”, — деп белгиледи.
 
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
 
Жеңүүчүлөр:
    •    I орун — «Айша Сыддык» медресеси
    •    II орун — «Амир Хамза» ислам институту
    •    III орун — «Айти» медресеси
 
Мындай иш-чаралар жаштардын руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, илимге болгон кызыгуусун арттырмакчы.