«Денеде муштумдай эт бар. Ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал бузулса, бүт дене бузулат. А бул жүрөк эмеспи?!» (хадис)
Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында жаңы салынып жаткан борбордук чоң мечиттин курулуш иштери менен жакындан таанышып чыгышты.
Бакыт ажы менен катар Түп районунун аксакалдары да мечиттин курулушун көрүп, эмгектенип жаткан жумушчуларга сый дасторкон уюштурушту. Бакыт ажы кыштын суугуна карабастан талыкпай эмгектенип жаткан куруучуларга ыраазычылык билдирди.
Аксакалдар жалпы мусулмандарга, мечиттин ийгиликтүү бүткөрүлүшүнө, эл-журт үчүн берекелүү болушуна, ошондой эле курулушка салым кошуп жаткан ишкерлерге жана жумушчуларга ак баталарын беришти.