“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Аймактар | 21.02.2026
  • |

Талас: Имамга умрага жолдомо ыйгарылды

Талас облусунун Талас районунун Кеңеш айылындагы «Абдул-Фаттах» мечитинин имамы Мударис Турсунбек уулуна Кеңеш айылынын жаштары тарабынан ыйык умра сапарына жолдомо белекке берилди. Айыл жаштары имамдын элге кылган ак кызматын, дин жолундагы үзүрлүү эмгегин жана жаштарга берген насааттарын жогору баалашып, ыраазычылык иретинде ушундай сооптуу белек тартуулашты. 

Бул демилге – айылдагы биримдиктин, имамга болгон урмат-сыйдын жана ыймандык баалуулуктардын даңазаланышынын айкын белгиси болуп саналарын диний өкүлчүлүктөн билдиришти.