“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Аймактар | 19.02.2026
  • |

Султанали ажы Гапуров облустагы райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучуларга жыйын өткөрдү

Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдердин милдетин аткаруучуларга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

- Рамазан айына карата мечиттердеги даярдыктар боюнча тазалыгы, дааратканасы ж.б. шарттарын көзөмөлдөө;
- Мечиттерди кайра каттоодон өткөрүү иштерин тездетүү;
- Хатибияттардын имаратын жакшыртуу;
- Мечиттердеги китеп текчелерин уюштуруу;
- Таравих намазына келген жамаатка 10 минута диний баалуулуктар боюнча маалымат берүү.

Аталган жыйынга Ош ОИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси милициянын подполковниги Тойчубек Бекеев да катышып, коопсуздук маселелери боюнча сөз сүйлөп, мечиттерге коюлуп жаткан жүз таануучу камераларын орнотуу жана ишке киргизүү боюнча тездетүү керектигин жана жергиликтүү жамааттарга диний маалыматтарды туура жеткирүүдө имамдардын активдүү болуусу боюнча баса белгиледи.

Жыйындан соң, КМДБ тарабынан мечиттердин китеп текчелери үчүн жиберилген "Имам Матуридий", "Жакшыларга эскертме", "Амалий Шарх" жана "Кара дубанын чечүү" сыяктуу китептер райондорго таратылып берилди.