«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Кечээ, 14-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Алай районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда Ыйык Рамазан айына карата даярдык көрүү боюнча өз насааттарын айтуу менен жума баянын жасады.
"Ыйык Рамазан айы келе жатат. Ага ар тараптуу даярдануу керек. Руханий жактан даярдануу менен биргеликте материалдык жактан да даярдык көрүү зарыл. Рамазандын ар бир күнүн майрам сыяктуу өткөрүп, балдардын эсинде калтыралы. Мына ошондо алар ар жыл сайын Рамазан айын майрам сыяктуу күтүп үйрөнүшөт. Ал эми ибадат, жакшылык иштерди жасоо үчүн Рамазан айы өтө чоң мүмкүнчүлүк", – деди Султанали ажы Гапуров.
Ошондой эле, Алай районуна жасаган алгачкы расмий иш сапары болгондуктан, Алай районунун акими Чынгыз Бапаев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаалды талкуулашты.