«Денеде муштумдай эт бар. Ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал бузулса, бүт дене бузулат. А бул жүрөк эмеспи?!» (хадис)
Аймактар | 06.02.2026
  • |

Ноокат: Жергиликтүү тургундар имамга автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров Кеңеш айыл аймагындагы Куу-Майдан айылындагы "Атаке орто" мечитинин имамы Нурмухаммед Исаковго жергиликтүү тургундар автоунаа белек кылгандыгын билдирди.

"Демилгени айыл жаштары көтөрүп, имамдын көп жылдык мээнетин баалап, ага автоунаа белек кылышкан. Районубузда көп имамдарыбызга умра сапарына жолдомо же автоунаа белек берилип жатканы баарыбызды кубандырат. Аллахым бул жөрөлгөнү дагы да уланып турушун насип кылсын. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Аллахым жамааттан ыраазы болсун", – деди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Нурмухаммед Исаков 1993-жылдан бери дин кызматында. Ал алгачкы ишин имамдын жардамчысы болуудан баштаган. 2003-2018-жылдары "Көчө башы" мечитинде имамдык кылган болсо, 2018-жылдан бери "Атаке орто" мечитинде имам болуп эмгектенет.