«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Аймактар | 14.02.2026
  • |

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аалымдарды кабыл алды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов, муфтийдин Талас облусуна жаңы дайындалган өкүлү Нийматилла ажы Топчиев жана Чүй облусуна которулган муфтийдин өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы диний абал, коомдогу ынтымак-ырашкерлик, жаштар менен иш алып баруу жана руханий баалуулуктарды бекемдөө багытындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Өз кезегинде Эрмат Жумаев мындан ары да мамлекеттик органдар менен дин кызматкерлеринин ортосундагы тыгыз кызматташтык уланып, биргеликте иш алып барууга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ал элдин биримдигин сактоо, коомдогу тынчтыкты камсыз кылуу багытындагы иштер ар дайым көңүл борборунда болорун белгиледи. 

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, облус борборунда жаңы салынып жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышты.