«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе,
жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Аймактар | 27.02.2026
  • |

Кара-Сууда жаңы мечиттин курулуш иштери жана документтери аяктап, пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Тынчтык айылындагы "Молдо Махмут" атындагы жаңы мечиттин курулуш иштери жана тиешелүү иш кагаздары аяктап пайдаланууга берилди.

Мечиттин ачылышына Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров баштаган өкүлчүлүк жамааты, Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Исак ажы Юнусов баштаган хатибият кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөр катышты.

“Берекелүү күндөрдө ачылган мечитиңиздер кут болсун. Ар дайым ичинде жамаат толуп турсун. Бул мечит ислам баалуулуктарын элге жайылтуу борбору болот деп ишенебиз. Жаңы мечиттин жаңы имамына жакшы мээнет кылып, мечиттин кооздугундай жамаатты да салабаттуу кылып, диний маалыматтарды, баяндамаларды жасап, катуу кызмат кылат деп ишенип артып, чоң жоопкерчилик жүктөлдү”, – деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, аталган мечиттин курулуш иштери аяктоо менен бирге мамлекеттик эсептик каттоодон да өткөрүлдү.