Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Исак ажы Юнусов Жаңы-Арык айылындагы "Азатбек ажы" мечитинде 3 айлык Куран окуу курсу жыйынтыкталып, мыктыларга сыйлыктар тапшырылгандыгын билдирди.
Исак ажынын айтымында, аталган Куран окуу курсунда жалпысынан 60 бала катышып, тамгадан баштап, 20 сүрө жаттаганга чейин жетишкен.
Баш имам-хатибдин милдетин аткаруучу сыйлык тапшыруу аземине катышып, Куран пазилеттери жана Аллах Таала Куран жаттаган адамдардын даражасын көтөрүшү тууралуу сөз сүйлөп, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, бардык айыл жерлерде ушундай саамалыктар болуп, өлкөбүзгө Курандын жакшылыгы, берекесин тилеп дуба кылды.