Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Кечээ, 19-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булун айыл аймагындагы Ивановка айылында жайгашкан “Амир” мечитинин жамааты тарабынан кеңири масштабдагы кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Бул саамалык Ысык-Ата райондук хатибиятынын колдоосу астында өткөрүлүп, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатын көздөдү.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 125 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары таратылды. Ар бир баштыкка күнүмдүк турмушта керектелүүчү негизги азыктар камтылып, жалпы жардамдын суммасы 450 000 сомду түздү. Бул демилге жергиликтүү тургундар үчүн чоң колдоо болуп, алардын ыраазычылыгын жаратты.
Кайрымдуулук иш-чарасынын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө “Амир” мечитинин ммам-хатиби Идир ажы Юбуров жана Ысык-Ата райондук хатибиятынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бактыбек ажы Убабековдор көзөмөл жүргүзүштү. Алар мындай саамалыктар коомдо биримдикти, боорукерликти жана өз ара жардамдашуу маданиятын бекемдей турганын белгилешти.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, тартип жана адилеттүү бөлүштүрүү принциптери сакталды. Мындай кайрымдуулук иштери мындан ары да улантылып, муктаж жарандарга жардам берүү салтка айланары айтылды.
Жергиликтүү эл бул демилгени жылуу кабыл алып, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.