“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Аймактар | 19.02.2026
  • |

Эрик ажы Молдокулов: “Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн ар бирибиз жооптубуз”

Азирети Муфтийдин (КМДБ) Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууда укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук кызматкерлери жана диний кызматкерлердин биргелешкен иш алып баруусу мезгил талабы экендиги белгиленди.

Облустук өкүл өз сөзүндө өлкө коопсуздугу жалпы коомдун жоопкерчилиги экенин баса белгилеп: “Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Ошондуктан бул жоопкерчиликти баарыбыз сезишибиз керек. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров тарабынан коюлган тапшырмалардын негизинде диний кызматкерлер калк арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө. Бирок бул багытта жалгыз имамдардын аракети жетишсиз. Сиздер менен биргеликте жүргүзүлгөн иштер натыйжалуу жана жеткиликтүү болот деп ишенебиз”, — деди.

Жолугушуунун алкагында облустук өкүл Ноокен РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Коноев менен тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, өкүлчүлүктүн атынан Ыраазычылык барагын тапшырды.

Өз кезегинде РИИБ башчысы райондун баш имам-хатибинин м.а. Тынчтыкбек ажы Шаиков менен буга чейин да жакын кызматташтыкта иш алып барып келишкенин белгилеп, бул иштер мындан ары да улана берерин айтты.

Иш-чарага КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Ноокен РИИБдин жетекчилиги, райондун баш имам-хатиби, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйындын соңунда райондун баш имам-хатибинин м.а. Тынчтыкбек ажы Шаиков да райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмүнүн кызматкерлерине хатибияттын атынан ыраазычылык барагын тапшырды.