«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокуловду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө облус аймагындагы диний абал, мечиттердин ишмердүүлүгү, диний агартуу иштери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен кызматташтык маселелери талкууланды.
Облус башчысы Эрик ажы Молдокуловду жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле диний тармакта мыйзамдуулукту сактоо, коомдук ынтымакты бекемдөө жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү багытында биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде облус өкүлү аймактагы диний иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Уставына ылайык жүргүзүлөрүн, ошондой эле мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу негизги багыт болуп саналарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында диний чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарылдыгы белгиленди.