«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү жалпы облус тургундарын жана Беловодск, Кара-Балта жана Чалдовар багытындагы жүргунчүлөрдү Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Майрамдын алкагында Азирети Муфтийдин демилгеси менен иш-чара уюштурулуп, борбор калаага каттаган №13, №40 жана №80 автобус каттамдарындагы жүргүнчүлөр үчүн, ошондой эле Беловодск, Кара-Балта жана Чалдовар багытындагы жүргүнчүлөр үчүн бир багытына карай акысыз ташуу уюштурулду. Бул саамалык аймак тургундарына чоң белек болуп, элдин колдоосуна ээ болду.
Иш-чаранын негизги максаты — Орозо айттын маңызын кеңири жайылтуу жана коомдо биримдикти бекемдөө болду.
Чүй облусунун жана шаар тургундары бул демилгени жылуу кабыл алып, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти. Орозо айт майрамы ар бир үйгө береке, тынчтык жана кубаныч алып келиши тиленип, бата-дубалар айтылды.