«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат» (хадис)
Аймактар | 28.02.2026
  • |

Бишкек: Бакыт ажы Кайкиев «Аммар бин Ясир» мечитинде жума намазын окуду

Кечээ, 27-февраль күнү Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев «Аммар бин Ясир» мечитинде жума намазын окуду. Жума намазынын алкагында мечит жамааты менен жолугушуу өткөрүп, ыйык Рамазан айы менен куттуктады. 

Диний өкүл жума баянын жасап, анда Рамазан айынын артыкчылыктары жана көптөгөн пайдалары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле бул ай – Аллага жакындоонун, күнөөлөрдөн тазалануунун, сабырдуулук менен такыбалыктын айы экендигин белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкүл жамаат менен жакындан таанышып, ынтымакта болуунун жана Мекенге ак кызмат кылуунун маанилүүлүгүн айтты.

Жума намазы соңунда Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү жамаат менен бирге жума намазын окуп, эл арасында ынтымак болушун, өлкөдө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүшүн Жараткандан тилеп дуба кылды.