«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев Каракол шаарынын хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, шаар имамдары менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Каракол шаарынын баш имам-хатиби Рустам ажы Ыбыкеев шаардагы мечиттердин абалы, имамдардын ишмердүүлүгү жана документ иштеринин жүрүшү боюнча кеңири маалымат берди.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
-Шаар имамдарынын арасында жума хутбаларын жакшыртуу;
-Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-Имамдардын бирдиктүү формасын жолго коюу;
-Имамдардын намаз убагында мечитте болушу жана кайрылган жарандардын маселелерин кароо.
Жыйындын соңунда имамдар өз суроолорун берип, Ысык-Көл облусундагы диний өкүлдөн жооп алышты. Ал алдыда дагы бир катар иштерди жандандырып, биргеликте алдыга жылдыруу зарылдыгын белгиледи.