«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Аймактар | 10.02.2026
  • |

Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров облус имамдары менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 10-февралда Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров Нарын облусундагы бардык имамдар үчүн масштабдуу жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын орун басары Жылдызбек Укубаев, ошондой эле КР Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Нарын облусундагы өкүлү Курманбек Шайыков катышты.

Алгач сөздү облус өкүлү Нурбек Сатаров баштады. Ал өз сөзүндө:
— Урматтуу имамдар, сиздер элди агартууда чоң роль ойнойсуздар. Бирибизге-бирибиз жардам берели. Ар кандай жыйындар болсо сөзсүз катышып туруңуздар. Акимчилик же айыл өкмөттөр тарабынан кандай жардам керек болсо, биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Айрыкча маркумду узатуудагы ысырапкорчулук боюнча элге катуураак түшүндүрүп, иретке келтирели. Сиздердин сөз элге өтүмдүү. Себеби шариат ээси — сиздерсиздер. Кандайдыр бир маселе болсо түз кайрылгыла, тиешелүү жетекчилерге тапшырма беребиз. Биздин эшик сиздер үчүн ар дайым ачык, — деп белгиледи.

Андан соң УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын орун басары Жылдызбек Укубаев сөз алып:
— Имамдар — өзүнчө агартуучу жоокерлер. Ошондуктан терс багыттагы агымдарга каршы тайманбай иш алып барышыңыздар керек. Өлкөдөгү диний кырдаалды туура нукта алып баруу — жалпыбыздын милдетибиз. Эгер кандайдыр бир кооптуу жагдайлар болсо, биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз жана сиздерден сунуштарды күтөбүз, — деди.

КР Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Нарын облусундагы өкүлү Курманбек Шайыков өзүн тааныштырып, мечиттерди каттоо жана башка уюштуруу иштерине кыскача токтолуп өттү.

Өз кезегинде Нуридин ажы Мамасабиров бир катар маселелерге токтолду. Атап айтканда:

баш имам-хатибтердин жоопкерчилигин күчөтүү;

документи жок мечиттерди жана намазканаларды каттоодон өткөрүү;

жума окулган райондук мечиттерге жүз таануучу камераларды орнотуу;

жума күнү жума намазынын баянына чейин «Кахф» сүрөсүн окуу;

№54-209 Жарлык боюнча иштерди күчөтүү;

стипендия ала элек имамдарды базага киргизүү;

келе жаткан Рамазан айына карата мечиттердин тазалыгын колго алып, жакшы даярдык көрүү.

спорттук иштерге активдүү катышуу;

Ошондой эле Рамазан айына карата ар бир райондон 10 мүнөттөн кем эмес 3 таалим-баян тарттыруу. 

Муфтийдин өкүлү тартылган таалим-виделор УРТК Нарын телеканалынан чыгарын белгиледи.

Мындан тышкары, имамдар тарабынан бийлик өкүлдөрүнө жана муфтияттын өкүлчүлүгүнө сунуштар, суроолор берилди жана аларга тиешелүү жооптор айтылды.