Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Эмирлан ажы Бообеков "Примов" фонду тарабынан райондогу жалпы имамдарга Орозо айтка карата азык-түлүк баштыкчалары таратылгандыгын билдирди.
“Имамдарыбыздын коомчулукка кошкон салымы зор. Жыл сайын Рамазан айында имамдарыбызга азык-түлүк баштыкчаларын таратып, майрамдык маанай тартуулап келебиз. Быйыл да, “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 80 пакет даярдап, имамдарды кубандырдык. Биздин райондук хатибияттын кайрымдуудулук жааттагы ишмердүүлүгүн колдоп келген “Примов” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз”, – деди Эмирлан ажы Бообеков.
Ошол эле учурда имамдардын кезектеги жыйыны өткөрүлүп бир катар тапшырмалар берилди.
- Орозо айт намазына карата мечиттин ички-сырткы тазалыгын кароо жана тиешелүү шарттарды түзүү;
- КМДБ, өкүлчүлүк жана хатибияттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу;
- QR-код боюнча элге туура түшүндүрүү;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү.