Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
баарын көрүү
Аймактар | 20.03.2026
  • |

Алайда айт майрамына утурлай 180 адамга жардам көрсөтүлдү

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Эмирлан ажы Бообеков Орозо айт майрамын утурлай райондогу 180 жаранга жардам берилгендигин билдирди.

Район боюнча 180 жаранга тамак-аш азык-түлүктөрү таратылган болсо,  анын ичинен жашоо шартына, муктаждыгына жараша  100 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. 

“Рамазан – кайрымдуулуктун жана жоомарттыктын айы. Орозо адамдын боорукердик сезимдерин күчтөнтөт эмеспи. Берешен агаларыбыздын жана эжелерибиздин колдоосу менен райондук хатибияттын атынан 180 үй-бүлөгө Орозо айт күнүнө карата колдоо көрсөтүлдү. Буюрса, бул саамалык акыркысы эмес. Алдыда масштабдуу кайрымдуулук иш-чараларыбыз уланат. Жакындан жардам көрсөткөн ага-эжелерибизге хатибияттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз”, – деди Эмирлан ажы Бообеков.