«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарында жайгашкан “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун ректорунун милдетин аткаруучу болуп Ормонов Абдилашим Абдиназарович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койду. Аны жамаатка Лейлек районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Кубатбек Абдыгапар уулу жамаатка тааныштырды.
Жаңы ректордун м.а. өмүр баяны:
Ормонов Абдилашим Абдиназарович 1990-жылдын 22-декабрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек (мурунку Катран) айыл аймагынын Жаңы Турмуш (мурунку Баул) айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Билими:
“Таир” медресесинде имам-хатиб жана шарият адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
* 2014–2023-жылдары “Баул” жамаат мечитинде имам-хатиб болуп кызмат өтөгөн.
* 2023-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары болуп эмгектенүүдө.
* 2025-жылдын октябрь айынан тарта “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунда проректор кызматын аркалап келген.
Араб, орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү, төрт уулдун атасы.
Ал эми мурдагы ректор Мурзали ажы Алибаев өзүнүн жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.