Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Ислам дининде мечиттер өзгөчө орунда турат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Меккеден Мединага хижрат кылгандагы эң алгачкы иши мечит куруу болгон. Ошондон тарта мечиттер ислам нурун жана ыйман кутун ай-ааламга тараткан ыйык жай кызматын аткарып келет. «Алланын үйү» эсептелген бул жайга сый-урмат менен мамиле кылуу зарыл. Куранда мечиттер Аллага ибадат кылуу жайлары экени ачык буйрулгандыктан (وَاَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلّٰهِ فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللّٰهِ اَحَدًاۙ), дүйнөбий кызыкчылык үчүн пайдалануу туура эмес.
Динибиз мечитке кирүүдө бир канча эрежелерди койгон.
- Мечитке даараттуу кирүү абзел. Гусулдуу болуу шарт.
- Унаа менен келүүчү адам унаасын ырааттуу токтотуп келиши жакшыраак. Эгер унаа тыгын болтурбоо үчүн алыска токтотуп, жөө келсе сооптуу иш кылган болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Жагымсыз учурда дааратты толук алуу, мечиттерге кадамды көп кылуу, намаздан кийин намазды күтүү. Мына ушул силер үчүн шайтандан сактануу чеби».
- Мечитке кирерде эң жакшы, эң таза кийимдерди кийүү керек. Алла Таала Ыйык Куранда, «Оо, Адамдын урпактары! Ибадатка (мечитке) эң мыкты кийимиңерди кийгиле!..» деп буйрук кылган (Арааф, 31). Пайгамбарыбыз мечитти ушунчалык таза тутканын мындан билиңиз, ал тургай сарымсак жеп кирүүдөн да тыйган.
- Мечитке ыйбаа жана адеп менен кирүү керек. Кыйкырып-өкүрүү, каткыруу, мечит кутун, жамаат ыркын качыруучу аракеттерди кылуу жакшы эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Мечиттерди үнүңөрдү бийик кылуудан сактагыла!»
- Кирип жатканда бисмилла жана салават шариф айтуу сунушталат. Оң бут менен кирип, сол бут менен чыгуу керек. Мечитке кирип жаткандагы жана чыгып жаткандагы дубаларды окуу нур үстүнө нур болот.
- Мечитке кирерде бут кийимди чечүү зарыл. (Мечиттин алдына же атайын текчелерге коюуга мүмкүн болбосо же жоголушунан корксо, бут кийимди баштыкка салып алуу керек)
- Мечитке киргенде макүрөө убакыт болбосо, 2 рекет тахиййатул-масжид намазын окуу сүннөт амалдардан.
- Мечитте беймаани иштерге жол койбой, убакытты ысырап кылбай ибадат менен өткөрүү жакшы. Мисалы, (эгер парз намазы окулган болсо) напил намаздарды окуу, Куран окуу, зикир чалуу, тафаккур кылуу.
- Эгер мечитке киргенде диний баян (вааъз) кылынып же Куран окулуп жатса, тынч угуу керек. Жума жана айт кутпаларын кунт коюп угуу зарыл. Намаз окуп жаткан адамдын жанында кыйкырып Куран окуу же дуба кылуу натуура.
- Мечитке кирген адам адеп сактап, бош орун таап отурганы жакшы. (Адамдарды нааразы кылып аралап же аттап өтүү, кай бир орунду менчиктеп алуу же орун талашып жаңжалдашуу жылуу каралбайт).
- Имамдын дал артына илимдүү кишилер турушу зарыл. (Балагатка толо элек жаш балдар, үзүрлүүлөр, орулуулар биринчи сапка умтулбаганы жакшы).
- Маңызы жок сүйлөшүүчү, уктоочу же тамактануучу жайга айлантуу туура эмес.
- Мечиттин өзүнө таандык дресс-коду бар. Майкечен, кыска шортикчен кирүү жакшы каралбайт. Авратты жаппаган кийим менен кирбөө керек.
- Аялзаты мечитке киргиси келсе, тасаттурду (жоолук жана тулку бойду жапкан кенен кийим) кийиши зарыл. Этек кири келген аялдар мечитке кире албайт.
- Мусулманчылыкты карманбагандар мечитке киргиси келсе, имамдан же мечит кызматкеринен уруксат сурашы кажет. Эгер уруксат берилсе, мечит дресс-кодун сактоо шарты менен кире алат.
- Мечитке киргенде телефонду өчүрүү же үнсүз режимге коюу да адептерден ж.б.