Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Жаңылыктар
Билим берүү | 05.07.2025

"Козу кызы Бурмакан" атындагы аялдардын диний окуу борборун 40 хафиза аяктады
Ош улуттук драмтеатрында «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Куран» бүтүрүү аземи уюштурулду. Окуу борбордон жалпы 39 студент 30 пара Куранды толугу менен жаттап хафиза болушту.   Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Акматбек Оморов, устаздар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана окуу борбордун жалпы эмгек жамааты катышты. Аземдин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр тарабынан Курандан аяттар окулуп, андан соң Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов илим алуунун маанилүүлүгү жана Оштон чыккан чыгаан аалымдардын басып өткөн өмүр жолу, алардын эмгектери боюнча кеп кылды. Ошондой эле катышкан коноктор насаат сөздөрүн айтып, окуучуларга илимге умтулуу, адеп-ахлак жана ыймандуу жашоого багыт берүү тууралуу кеңештерин беришти. Иш-чара соңунда бүтүрүүчүлөргө тастыктамалар тапшырылып, жалпы жамаат менен дуба кылынды.  

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА