Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "...Ашура күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку 
бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». 
(Имам Муслим риваяты)
Жаңылыктар
Коом | 05.07.2025

КИУ проректору Бакытбек ажынын апасы Шазаада эненин акка моюн сунганына байланыштуу көңүл айтабыз!
Кыргызстан Ислам университетинин проректору Бакытбек ажы Ниязовдун апасы, 9 перзенттин энеси Шазаада Ниязованын 93 жашында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана муфтияттын жалпы жамааты көңүл айтат. Урматтуу Бакытбек агай! Шазаада апабыздын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алла Таалам сизге жана жакындарыңызга сабыр, күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, бейиштин гүлзарлуу бакчаларын насип кылсын.  “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөт.  

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА